Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуНоокат району 11.02.2019 11:33

Ноокаттык жаш балбандар эл аралык мелдеште 15 медаль утушту (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районундагы Исхак Раззаков айыл өкмөтүндө өткөн жаш өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучу жана машыктыруучу Абдижалил Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, 8-9-февраль күндөрү өткөн турнирге коңшу өлкөлөрдөн да командалар келип, жалпы 300дөй балбан күч сынашты.

«Жыйынтыгында командалык негизде 1-орунду Ноокат районунун "Кара-Таш" спорттук клубунун жаш өспүрүмдөрү ээлешти. Алар 7 алтын, 3 күмүш, 5 коло медаль алышты. 2-орунду Лейлек району алып, 1 алтын, 4 күмүш, 9 коло медалга ээ болду. Тажикстандан 3 команда келип, алардын бири 8 медаль менен 3-орунду камсыздашты», - деди Абдижалил Тургунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×