Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Ош облусу, Ош 11.02.2019 15:18 На русском

«Уулдарыбызга бири-бирибиздин атыбызды койдук»: Ооганчы И.Сатинбаев согушта тапкан досун унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Быйыл СССРдин аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганына 30 жыл толду. Бул убакыт аралыгында дүйнө мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда да эбегейсиз өзгөрүүлөр болду. 30 жыл аралыгында жаңы муун өсүп, тарыхтын жаңы барактары жазыла баштады. Түштүк-Батыш Азияда жайгашкан өлкөнүн боштондугу үчүн күрөшкөн кыргыз жоокерлеринин катарында каарманыбыз Исматтилла Сатинбаев да бар.

И.Сатинбаев бүгүнкү күндө өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаардык бөлүмүндө бөлүм башчы болуп эмгектенип келет. Каарманыбыз 30 жыл мурун болгон каргашалуу окуядагы казак досун эсинен чыгарбайт. Ал тургай кандуу күндөрдө бирге болгон досу менен азыркыга чейин байланышын үзбөгөнүн айтып отурду.

«1967-жылы 5-февралда Ноокат районунун Тескей Кожоке айылында туулгам. Айылдагы Жусуп Турусбеков атындагы орто мектепте 10-классты аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырдым. 1985-жылы аскерге чакыруу келип, аскердик кызматымды Ооганстанда өтөөнү туура көрдүм. Ооганстандагы Баглан провинциясында атайын техника менен жүрчүбүз. Бул техника атайын Ооганстандын жеринин шартына ылайыкталып жасалган эле», - деди Сатинбаев.

Биринчи операция

Атайын Ооган жери үчүн жасалган техника менен 1981-жылы алгачкы ирет мен үчүн операция башталды. Капчыгайлардын арасында бара жатканда кууш аймакка жеттик. Анда талибандар коргонуу үчүн миналарды орното турган. Мен унаа айдап бара жатып жолдон бирге кызмат өтөгөн жолдошум экөөбүз алмашкан элек. Эс алуу максатында унаанын артына өтүп алган элем. Бир убакта унаанын артында мина жарылды. Ал убакта унаанын арты экиге бөлүнүп калыптыр. Ал эми менин ордума рулга отурган досумдун буту, бели үзүлүп, менин куралым экиге бөлүнүп кетиптир. Андан соң Ооганстандагы эле ооруканага жатып, 10 күндөн кийин жолдошторумдун аймагына кайтып келсем мени көрүп абдан таң калышты. Анткени алар мина жарылган унааны мени башкарып бара жаткан деп ойлошуптур. Мени көргөндөн кийин бир саамга таңданып, «как это была, ты не умер?» деп ыңгайсыз абалга калтырышкан. Ошол убакта подполковник «сен буйруса көп жашайсың, согуштан тирүү чыгасың, биз сени ошондо эле мерт кеткен деп ойлоп, денеңди мекениңе жеткирүүнү ойлонуп жатканбыз» деген. Подполковниктин ошол сөзү мага абдан чоң түрткү болду.

Экинчи операция

Ооганстандын Баглан провинциясындагы Андараб деген райондун бир айылына биринчи болуп коммунисттердин бийлиги орноптур. Анда аларга куралдар таркатылып, өзүнчө кичи армия түзүлгөн экен. 1986-жылдын 26-ноябрында экинчи операцияга жөнөдүк. Биздин максат — ошол аймакка баруу эле. Бирок барганыбызда мурунку армияны көргөн жокпуз. Командирлердин буйругу менен кайра кайтып келе жатып, кууш жерге келгенде кокустан чабуулга учурадык. Гранатомёт менен аткылап, автоматтардын үнү биринин артынан бири угулуп турду. Тоонун чокусунда жакшы позицияны ээлеген мергендер биздикилерден эки-үчөөнү өлтүрүштү. Ал убакта биз «Шилка» каймана аты бар техникабыздын ичинде элек. Чынында душманды кокустан чабуул кылат деп күткөн эмеспиз. Бирок ар дайым даярдыкта жүрчүбүз. Ошол мезгил дале болсо көз алдыма тартылат. Душман гранатомёт менен аткылап, автоматтардын үнү капчыгай бойлой жаңырып, чыныгы кармаш ошол жерде башталган. Бир тараптан пулемёттордун үнү угулуп турса, бир тараптан чоң калибирдүү куралдардын үнү кулакты тунжуратат. Заматта коюу түтүнгө чулганган айлана, көпкөк болуп турган асманды ала булут каптагансып, сүрдүү душмандын октору багытталган дарегине жаңылбай бара жатты. Советтик армия түрдүү улуттан куралгандыктан түрдүү үндөр угулуп, ар түрдүү кыйкырык-бакырыктар ансыз да ызы-чууга айланган айлананы ого бетер коркунучтуу аймакка айландыргансыды. Заматта биздин техникага да бомба тийди. Бир нече секунд мурун жолдошторуңдун ажал менен кантип алышып, душман менен жанталаша кармашып жатканына күбө болуп турсак, мындан ары өзүбүздүн абалыбыз менен алпурушубуз керек эле.

Жанымдагы шеригим да, мен да жеңил жаракат алдык. Техникабыздагы төшөктөр күйүп кеткендиктен аны сыртка ыргыттык. Анткени ичинде жарылуучу заттар болчу. Тажик досум жаракат алган болчу. Менин да колум шылынып, эки колумду тең көтөрө албай калдым. Андыктан туткунга түшпөй, техникабызды жардырып жиберебиз деп бири-бирибиз менен кеңешип алдык. Арадан көп убакт өтпөй эле бизди башка жолдошторубуз аталган жайдан алып чыгып кетишти. Андан кийин учактар келип, душманды бомбалай баштады. Эң кызыгы, мурун биз жарадар болгондо бирге кызмат кылган Мирхат деген досум «мен согуштан жардар болбой чыктым, силер минтип жатасыңар» деп шылдыңдаган эле. Акыркы кармашта ал да жарадар болду. Экөөбүз бир ооруканага жаттык. Мен колумду көтөрө албасам, ал оозун ача албайт. Ошентип анын колу менен тамак жеп жүрдүм. Ошол убактан тартып экөөбүз ынак дос болгонбуз. Кийин мен балалуу болсом баламдын атын Мирхат коюп, ал балалуу болсо менин ысымымды баласына ыйгармай болгон. Уулумду Мирхат деп атадым, ал баласына Исмат ысымын коюптур. Экөөбүз азыркыга чейин сүйлөшөбүз, жылуу мамиледебиз.

Аскерден кийинки жашоо

Аскерден кайтып келгенден кийин 1990-жылдан тартып Ноокат районундагы «Көк-Бел» керек-жарак коомунда иштеп, 1992-жылдан 1995-жылга чейин Ош облустук керек-жарак союзунун Ош райондор аралык базасында адис жана директордун орун басары болуп эмгектендим. 1995-жылдан 1996-жылга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу мамлекеттик автоинспекциясында башкы эсепчи, 1996-жылдан 2002-жылга чейин Ош облустук мүлк фондунда башкы адис болуп иштедим. 2002-жылдан 2003-жылга чейин «Ынтымак» акционердик коомунун атайын администратору, 2003-жылдан ушул убакка чейин өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүндө адис, жетектөөчү адис жана башкы адис болуп иштеп келе жатат. 2 уул, 4 кызым бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×