Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуКара-Суу району 13.02.2019 10:10 Жаңыланды: 13.02.2019 13:03 На русском

Видео, сүрөт: Кара-Сууда 90 жыл мурун түптөлгөн фермада 3 миңдей асыл тукум кой багылат

Кара-Суудагы ферма
Кара-Суудагы ферма
// Turmush

Turmush -  Союз учурунда 40 миң кой багылган Кара-Суу районундагы «Катта-Талдык» асыл тукум кой фермасы учурда карыздарын жоюу менен убара. Бүгүнкү күндө фермада эт жана жүн багытындагы 3 миңден ашык кой багылып жатканын чарбанын директору Өмүрзак Марызаков айтып берди.

Чарба 1929-жылы түзүлгөн. Анда жалпы 11 короо болсо, анын ар биринде 250дөн ашык кой багылат. Учурда меринос тукумундагы койлордун жүнү менен эти Кытайга сатылууда.

«Ферма өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз мамлекеттик кой фермасы болуп саналат. Учурда бул чарба Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө карайт. Ошондуктан "Катта-Талдык" асыл тукум кой фермасы деп аталат. 1959-жылдан тарта асыл тукум кой фермасы макамын алган. Союз учурунда бул жерде миңдеген кой багылчу. Бүгүнкү күндө биздин чарбада 3 миң 13 кой бар. Анын 2 миң 413 башы соолук койлор (5 жашка караган кой) болуп саналат. 1-февралдан тарта койлор төлдөп баштайт. Учурда койлордун 70 пайызы төлдөп бүттү. Аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып жаткандыктан тоолуу меринос койлоруна көңүл бурулушу керек. Бул койлор жүнү жана эти менен пайдалуу. Жылдан жылга жүндүн баасы жогорулап жатат. 2017-жылы жүндүн килограммын 190 сомдон сатсак, 2018-жылы 225 сомдон саттык», - деди Марызаков.

Кой чарбасы мамлекетке болгон карызынан кутула элек. Союз таркагандан кийин жер-жерлердеги колхоз-совхоздор жоюлуп, кой чарбаларындагы койлордун сатылчусу сатылып, айрымдары менчиктештирилип кеткен. Бул чарбада да мурункудай койлордун саны көп эмес.

«Чарбанын эң негизги көйгөйү — союз убагынан калган эски карыздарды төлөө. Учурунда чарба мамлекетке 9 млн сом карыз болгон. Ошол карыздарды акырындык менен төлөп отуруп, бүгүнкү күндө 1 млн сомдун тегерегинде карыз калды. Ошондуктан биз мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыяларды ала албайбыз. Насыя алуу үчүн карыздарды төлөп бүтүшүбүз керек. Карыздарды төлөгөндөн кийин техника алууга үмүттөнүп турабыз», - деди Марызаков.

Чарбада иштеген чабан Ильяз Арстанбековдун айтымында, 150 койдон 130 козу алууга болот. Бирок бул тукумдагы койлордун козулар жаңы туулганда өтө назик болгондуктан аларды башка бөлмөдө чоңойтушат.

«Эртең менен бир ирет тоют салабыз. Андан кийин козуларын бөлүп, энелерин сыртка чыгарап, күнүнө ар бир койго 300 граммдан жем беребиз. Биз бул чарбадан эмгек акы албайбыз. Алардын 100 коюн баксак, 100 кой төлдөгөндөн кийи 25 козуну башкармалыкка беребиз. Калган козулардан айлык акы чыгарып алабыз. Азыр мен 150 кой багам. Жылына башкармалыкка 27 козу берем. Кой кыркым убагында жүндүн белгилүү пайызын беребиз», - деди Арстанбеков.

Ферманын карамагында 160 гектар кайрак жер, 12 гектар суулуу жер жана 105 гектар айдоо жер бар. Бул жерлерде койлорго тоют камдалат. Ал эми чарба жылына Кытайга 12 тонна жүн, тирүүлөй 200-300 баш кочкор сатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×