Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуЧоң-Алай району 13.02.2019 14:23

«Тоодогу жолдон кулап кеткендер болот»: Чоң-Алайдагы айылдын эли таза сууну сайдан ташып ичишет (видео)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Шиве айылынын жашоочулары 2 чакырым алыстыктан таза суу ташып ичишет. Алар суу ташып келүү үчүн эшектерди колдонушат. Себеби тоо боорундагы ичке жолго унаалар бара албай турганын жашоочу Аманилла Туратбеков билдирди.

Анын айтымында, тоо боорундагы жолдон кулап кеткендер да болот.

«Айылда 200гө жакын үй-бүлө жашайт. Илгертен эле эшектерге флягаларды артып, суу ташып ичебиз. Бирок адамдар карама-каршы келе жатышса жолго батпай, бир тарап артка кайтууга туура келет. Кышында эшек менен кулап кеткен учурлар да кездешет. Эки чакырым жол басып, сайга түшүп суу алып чыгабыз. Бирок жаз келгенде ал тарапка кой короолор курулуп, кеч күзгө чейин суу кир болот. Сел да жүрүп, сууларды тундурсак да ылай болот. 2018-жылы жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөн. Бирок инвесторлор жер жылып кетиши мүмкүн экенин айтып, кетип калышты. Таза суу чыгаруу үчүн суу түтүгүн 11 чакырым алыстыктан тартып келүү керек. Ушунча кылымдан бери жылбаган жер эми жылып кетмек беле. Баласы жок же жесир аялдар суу ташууда кыйналышат», - дейт Аманилла Туратбеков.

Ал эми Шиве айылынын башчысы Муратбек Гапаровдун айтымында, айылда туздун кени бар болгондуктан булактар да туздуу.

«Биздин айыл райондун тескей тарабында жайгашкандыктан туз кенинин жанында жашайбыз. Ошондуктан булактар да туздуу. Мындан улам айыл эли 2 чакырым алыстыктагы Шиве дарыясынан сууну ташып ичет», - деди М.Гапаров.

Шиве айылында жалпы 197 кожолук бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×