Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусу, Озгон 15.02.2019 12:53

Өзгөндө өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу талкууланды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 14-февраль күнү Өзгөн шаарында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, суицидди алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Жыйынга Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахман Атаджанов, райондук прокуратурадан, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан, шаардык билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, ата-энелер жана имамдар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаш өспүрүм кыздардын эрте турмушка чыгуусу, өз өмүрүн кыйууга алып келген жагдайлар, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ата-энелерге, жогорку класстын окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын укугун коргоо, балдарды багууда ата-энелердин милдеттери айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×