Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуЧоң-Алай району 19.02.2019 13:19

Сүрөт: Чоң-Алайдагы 80 орундуу мектепте 448 окуучу окуйт

Turmush -  Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп 9 жыл мурун авариялык абалда деп табылган. 80 окуучуга ылайыкталып курулган мектепте бүгүнкү күндө 448 окуучу билим алып жатат.

Мектеп директору Акылбек Бурканов билдиргендей, имарат 1978-жылы курулуп, анда 14 окуу бөлмөсү жайгашкан.

«Ашкана, спорт зал жок. Ашкана үчүн бир окуу бөлмөсүн бөлгөнбүз. Кышында шамалдан мештин түтүнү кайтып, класстын ичи ис болот. Сабак учурунда эшикти ачып, китеп-дептерлер ышталып калат. Ал мештер да союз убагынан калган. Бизде кыш 6 айга созулат. Классты түтүн каптаганда окуучуларды сыртка чыгарып турабыз. Экинчи корпус да бар, ал совхоздун кеңсеси болгон, бөлмөлөрү тар», - дейт Бурканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×