Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуӨзгөн району 21.02.2019 12:14 На русском

Алгадагы окуучулар авариялык мектепте окуп, бир партада үчтөн отурууга аргасыз (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Кимсан Ботобеков орто мектеби 2013-жылы пайдаланууга жараксыз деп табылган. Бирок айылда бир эле мектеп болгондуктан 9-класска чейинки 240 окуучу кооптуу мектепте окууга аргасыз.

Аталган мектептин директору Шара Байсалиеванын айтымында, мектептин 2 имараты бар болчу.

«Биринчи имараты саанчылар үчүн курулган экен. Ал 2012-жылы Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Өзгөн райондук башкармалыгы тарабынан жараксыз деп табылып, жабылган эле. Учурда 1970-жылы ашар жолу менен курулган мектепте балдарды окутуп жатабыз. Анда болгону 5 окуу бөлмөсү бар. Окуучунун көптүгүнөн балдар бир партада үчтөн отурушат. Мугалимдердин отургучу да жок. Анткени балдар жазуу тактасынын алдына чейин отурууга аргасыз. Окуучуларга шашке чай берүү үчүн эски бөлмөнү тазалап, ашкана кылып алганбыз. Мугалимдердин усулканасы, компьютердик класс, ал эми ар бир окуу бөлмөсүндө меш бар», - деди ал.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Эржигит Пасаңов 225 орундуу мектептин долбоору даярдалган боюнча турганын билдирди.

«Бул мектептин 2-корпусу 1970-жылы ашар жолу менен салынган. 2013-жылы жараксыз деген корутунду чыккан. Биз буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасына, билим берүү жана илим министрине, Каржы министрлигине жаңы мектеп куруу боюнча өтүнүч кат жөнөткөнбүз. 19-февраль күнү Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары келгенде да долбоорду көрсөттүк. Жаңы имарат куруу быйылкы жылдын планына кирип калса жакшы болмок. Мектеп 2013-жылдан бери оңдоодон өтө элек. Анткени оңдоого да жараксыз деп табылган. Учурда 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар гана билим алып, 10-11-класстагы окуучулар Куршаб айыл өкмөтүндөгү мектептерге барып окуп жатышат. Алга айылында жалпы 335 кожолук жана жалгыз мектеп бар», - деди Э.Пасаңов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×