Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуНоокат району 22.02.2019 12:55

Ноокатта 2 унаа сүзүштү

Turmush -  Ноокатта эки унаа кагышып, 67 жаштагы жүргүнчү ооруканага түштү. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, окуя 21-февраль күнү саат 10:00 чамасында Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында болгон.

Ош шаарынын 1964-жылы туулган тургуну Ш.К. өзүнүн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен Ноокат районунан Ош шаарын көздөй бара жатып, Ош—Исфана унаа жолунун 14-чакырымына жеткенде каршы багыттагы жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Кара-Суу районунун 1987-жылы туулган тургуну М.С. башкарып жүргөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын жүргүнчүсү — 1952-жылы туулган А.З. жаракат алып, Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилди.

Учурда бул окуя боюнча Ноокат РИИБи тарабынан териштирүү, тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×