Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусуНоокат району 22.02.2019 17:23 На русском

Ош облусундагы эң мыкты айыл өкмөт деп табылган Кыргыз-Атада аткарылган иштерге жогорку баа берилди

Turmush -  Бүгүн, 22-февраль күнү өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө барып жергиликтүүлөр менен жолукту.

Анда өкмөттүн өкүлү айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык абалы менен таанышып, элдин суроосуна жооп берди. Иш-чарага өкмөт өкүлү менен катар Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, аталган айыл өкмөттүн башчысы Бакытбек Марипов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүүлөр катышты. Жыйында Кыргыз-Ата айыл өкмөтү 2018-жылы жетишкен ийгиликтер сөзгө алынып, айыл өкмөт башчы алкоого татыды. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө көзгө көрүнөрлүк ийгиликтер жаралып жатканын белгилеген Узарбек Жылкыбаев айыл өкмөт башчысы Бакытбек Мариповго 2018-жылы Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон айыл өкмөттөрдүн катарында экенин айтып, ишине эң жакшы деген баасын берди.

Ошондой эле Ноокат районунун башчысы Давранбек Маматалиев айыл өкмөттөгү бир катар жетишкендиктерге токтолуп, айыл өкмөт башчы Бакытбек Мариповго сөз берди. Өзгөчө Аймактарды өнүктүрүү жылында айыл өкмөттөгү көйгөйлөрдү чечүүгө болгон күч-аракетин жумшаганын белгилеген Марипов айыл өкмөт ири көйгөйлөрдөн арылуу менен катар өнүгүүгө карай бет алып, Ош облусунун жана Ноокат районунун социалдык-экономикалык абалына салым кошо ала турган ири долбоорлорду ишке ашыра берерин, быйылкы жылдан тартып бул багытта конкреттүү иштер аткарыларын билдирди.

«Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салык кызматкерлери тарабынан албан иштер аткарылды. Атап айтканда 2018-жыл ичинде салык жана салык эмес жыйымдарга жеткирилген жалпы тапшырма 23089,3 сом болсо, иш жүзүндө 24010,9 сомду түзүп, тапшырма 104% аткарылды. Башкача айтканда жеткирилген план тапшырмадан 921,6 миң сомго көп жыйналды. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырганда 4 млн 735 миң сомго көп болуп, өсүү ыргагы 168,7% түздү.

«Быйылкы 2019-жыл Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл аймагыбызда 2019-жылга коюлган милдеттемелер жөнүндө айтып өтөйүн. (2019-жылдын иш планы боюнча таблица окулат). Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн көйгөйлүү маселелери:

1. Турак жай куруу үчүн 2005-жылдан бери 1500 адам кезекте турат. 2009-жылы сугат жерге мораторий жарыялангандыктан турак жай үчүн жер берилбей келүүдө.

2. Борко айылында К.Каримов атындагы орто мектепте жайлоо тибиндеги 130 орундуу мектептин жаңы имараты көп жылдан бери планга кирбей келе жатат.

3. Кара-Кой айылында Курак-Тектир орто мектеби эски кой короону ашар жолу менен бүтүрүп, азыркы мезгилге чейин окуп келишүүдө. Жаңы мектеп куруу керек.

4. Көтөрмө айылында спорт комплекстеги ачык жана жабык бассейнди капиталдык оңдоодон өткөрүп, ишке берүү.

5. Ак-Булак айылына айылдык клуб куруу көп жылдан бери негизги көйгөйгө айланды.

6. Борко айылына бала бакчанын имаратын куруу.

7. Айылдардын башкы пландарын түзүү керек, өтө көп суммадагы акча талап кылынууда», - деди Марипов.

Жыйынга катышкан калк өкмөттүн өкүлүнө бир катар суроолорду берип, жооп алгандан кийин айыл өкмөт башчы Бакыт Мариповдун тушунда айыл өкмөттө эбегейсиз өзгөрүүлөр болгондугун белгилешип, анын аткарган иштерин алкоого алышты.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Ош облусундагы бардык тармактардагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан жыйындын жүрүшүндө Ош облусунун аймагындагы 88 айыл өкмөттүн ичинен Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтү бардык жетишкендиктери жана көрсөткүчтөрү боюнча эң мыкты деп табылып, 1-орунду ээлегендиги үчүн 25 миң сом акчалай сыйлык жана I даражадагы диплом менен сыйланган.

Аталган айыл өкмөт буга чейин Ноокат районунда 16 айыл өкмөттүн ичинде 1-орунду алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматы тарабынан «Мыкты айыл өкмөт» төш белгиси менен сыйланган болчу. Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлиги, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрация, райондук мекеме-ишканалардан бир топ сыйлыктарды жана дипломдорду алууга жетишкен.

Бакытбек Марипов Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө башчы болуп 2013-жылы шайланып, жергиликтүү бюджетти акыркы 5 жылдын ичинде 3 млн сомдон 25 млн сомго көтөрдү. Бакытбек Мариповдун 5 жогорку билими бар. Жубайы экөө 3 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×