Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуЧоң-Алай району 22.02.2019 18:12

Жар-Башы айылын сугат суу менен камсыздаган канал жарактан чыкты

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Жар-Башы айылындагы талааларга суу жеткирген канал жараксыз болуп калды. Канал 37 жыл мурун курулганын жергиликтүү жашоочу Айбек Камаров билдирди.

Анын айтымында, айылда 400гө жакын үй-бүлө жашайт.

«Маданият үйү такыр курулган эмес, айылдын спорт залы жок. Сугат суу келген каналдын бетондору кулап калганы негизги көйгөйүбүз болуп жатат. 37 жыл мурда курулган каналдан жетишерлик деңгээлде суу келбейт. Негизи айылда эгин талаасы көп, салыкты да көп төлөйбүз. Каналдын узундугу 1 чакырымга жетет», - дейт Айбек Камаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×