Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуӨзгөн району 19.04.2019 20:00 На русском

Айыл турмушу: «Темир аял» атка конгон Зайна Базарбаева жылына 300дөй бука сатат (сүрөт, видео)

Turmush -  Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөнүн социалдык абалы начарлап, айрыкча мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин эмгек акысы үзгүлтүккө учурап, айрым кызматкерлер чет өлкөгө кетсе, кээ бирлери өз бизнесин түптөөгө киришкен. Алардын катарында Өзгөн районунун тургуну Зайна Базарбаева да бар.

Эл арасында «Темир аял» атка конгон айым ишкерликти СССР тарагандан кийин баштаган.

«Айыл чарба багытындагы ишкерликти 1996-жылдан баштагам. Буга чейин малдын туягын гана эсептесем, кийинчерээк чыгымдарды актоону ойлонуп баштадым. Жылына 3 жолу бука багып сатам. Анткени 120-130дан бука байлайбыз. Букаларды жаңы жылдан баштап апрель айына чейин сатабыз. Апрель-май айларында кайрадан мал алып, жайлоого жөнөтөбүз. Жайлоодон келгенден кийин сарайга багып баштайбыз», - деди ал.

Ишкер айым жылына канча бука сатарын да айтып берди.

«Бир сезондо 300дөй бука сатабыз. Жылына 3 жолу 100дөн бука байлайыз. Букалардын тирүүлөй салмагы орто эсеп менен алганда 700 кг болот. Ошондой эле салмагы 900 килограммга жеткен букалар да бар. Алар союлганда 500 кг эт берет. Биз букаларды көбүнчө өзүбүздүн мал союучу жайларда соёбуз. Биздин цехтен этти Өзгөн шаарына, райондун аймагына, Жалал-Абад облусуна, Ош шаарына алып кетишет.

Эң жакшы багылган буканын тирүүлөй салмагы 800 кг чейин жетет. Ал союлгандан кийин 450-500 килограммдай эт болот. Анын 1 килограммын 300 сомдон сатсак 120 миң сомдой акча түшөт. Ал эми букалардын ар бирин 60-65 миң сомдон сатып алабыз. Ошондо ар бир букадан 25-30 миң сом таза киреше түшөт. Букалардын салмагы канчалык көп болсо, ошончолук киреше түшөт», - деди Базарбаева.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын тургуну Зайна Базарбаева өлкөдөгү жалгыз жылкычы айым экенин жазган. Ал 21 жыл аралыгында өзүнүн «Касым-Ата» асыл тукум жылкы заводун өнүктүргөнгө жетишкен. Алгач 26 жылкы баккан фермада учурда 175 баш жылкы бар. Ал асыл тукум жылкы заводуна атасынын ысымын ыйгарган.

Зайна Базарбаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, асыл тукум жылкыларды өзү чет өлкөлөрдөн тандап алып келет. Анын атын угуп, өлкөнүн аймактарынан, чет өлкөлөрдөн издеп келген кардарлары да бар. Жылкычы айым 65 жашка келгенине карабай жыл сайын жайы менен жайлоого чыгып, төөлөрдү да багууга жетишет.
Маекти толугу менен бул шелтемеден окуңуз
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×