Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 25.02.2019 14:14 На русском

«Директор да, класс жетекчи да менмин»: Өзгөндөгү авариялык мектепте жалгыз мугалим иштейт (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Кайнар айылында 2000-жылы курулган мектеп жараксыз абалга келди. Бул мектепте башталгыч класстын окуучулары билим алат.

Мектептин директору — жалгыз мугалим Абиба Мансурованын айтымында, кышында 4 класстын окуучулары бир бөлмөдө окууга аргасыз.

«Башталгыч класстар окуган мектептин имараты 2000-жылы жергиликтүү жашоочулар тарабынан ашар жолу менен курулган. Үч бөлмөлүү мектепте учурда 12 окуучу билим алат. 2015-жылы жер титирөөдөн улам имаратка жарака кеткен. Өткөн жылы айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнүп, мектептин жаңы имаратынын пайдубалы түптөлгөн. Атайын контейнер дагы бөлүнүп берилген. Бирок жол жаман болгондуктан алынып келинбей жатат. Мектепте мугалим да, директор да менмин. 4 класстын класс жетекчисимин», - деди ал.


Башталгыч мектепте 1-класста 4 окуучу, 2-класста 2 окуучу, 3-класста 3 окуучу, ал эми 4-класста 3 окуучу окуйт. Алар эки класстан биригип алып билим алышат.

Ал эми Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы Бактияр Абытбек уулу мектептин жаңы имаратын куруу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

«Кайнар айылындагы башталгыч мектепке 2 контейнер бөлүнүп берилген. Айыл өкмөт аны айылга жеткирип берүү аракетин көрүп жатат. Мектепке айыл өкмөттүн бюджетинен акча бөлүнгөн жок. Бирок башка жактан каражат таап, бүтүрүү аракетин көрүп жатабыз. Жогорку бийликке да кайра кат жолдодук», - дейт төрага.

Мектептин жаңы имаратын курууга 2,5 млн сом керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×