Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуКара-Суу району 25.02.2019 16:20 На русском

Кара-Суудагы авариялык мектептин имараты оңдолуп, бала бакчага айланды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ордо айылындагы авариялык мектептин имараты бала бакчага айланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мектеп 2015-жылы колдонууга жараксыз деп табылган.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Казыбек Тажыбаевдин айтымында, 2015-жылы мектептин эски имаратынын жанына 280 орундуу жаңы имарат курулган.

«Кызыл-Ордо айылындагы №53 орто мектеп авариялык абалда деп табылган эмес. 60 орундуу мектеп 1957-жылы ашар жолу менен курулган. Айылда башка бала бакча жок болгонуна байланыштуу эски мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бала бакча кылып койгонбуз. Учурда ал жерде 60 бала тарбияланып жатат. Азырынча ал айылга жаңы бала бакча куруу планыбыз жок», - деди Казыбек Тажыбаев.

Кызыл-Ордо айылынын башчысы Арстанбек Чыйыров бала бакчанын имаратында жаракалар бар экенин айтты.

«Бул бала бакча мен айыл башчы болуп келе электе ачылган. Бирок имарат толугу менен калыбына келтирилген. Мен өзүм кабар алып барганда бир-эки жеринен жарака көрдүм. Калган жерлери жакшы эле. Мектептин башка да имараттары болгон. Алардын баары бузулуп, төрт бөлмөлүү имараты калган», - деди Арстанбек Чыйырбек.

Аталган бала бакчанын жетекчиси Айжамал Тажибаеванын айтымында, бала бакчада 88 бала тарбияланып, 3 тарбиячы эмгектенип жатат.

Кызыл-Ордо айылында жалпы 290 кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×