Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Озгон 26.02.2019 09:48

Өзгөндө мыйзамсыз курулуштарды бузуп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн шаарында мыйзамсыз курулуштар соттун чечими менен бузулуп жатат. Бул тууралуу Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз курулган 20дан ашык курулуштардын ээлери сотко берилген. Учурда Өзгөн шаардык мэриясынын кызматкерлери менен курулуштарды бузуу иштери жүрүп жатат.

«Биз ушул жылдын июль айына чейин Өзгөн шаарындагы, айыл өкмөттөрдөгү мыйзамсыз курулуштарды тазалайбыз. Өзгөн шаарында мыйзамсыз 20 курулушка Өзгөн райондук соту бузулсун деген чечим чыгарган. Биз кечээ, 25-февраль күнү шаардагы мыйзамсыз курулуштарды алдырып, бузуп баштадык. Быйыл шаардын башкы планы да толугу менен иштелип чыгат. Учурда башкы пландын 50 пайызы иштелип бүттү», - деди Б.Дыйканбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×