Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Кулжа району 01.03.2019 09:20 На русском

Кара-Кулжада тосмону сүзүп, оодарылып кеткен унаанын айдоочусу каза болду. Жол кырсыктын видеосу

Turmush -  Кечээ, 28-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы жол кырсыктын кесепетинен айдоочунун өмүрү кыйылды.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, Чүй облусундагы Сокулук районунун 1978-жылы туулган тургуну А.у Ы. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып рулга ээ боло албай, жолду экиге бөлүп турган бетон тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен унаа бир нече жолу оодарылып кеткен. Айдоочу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду.

Бул кырсык боюнча Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Жол кырсык көчөгө орнотулган видеокамерага түшүп калган.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы: «28-февралда түнкү саат 00:45 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы унаа кырсыктан айдоочу оор жаракат алды. Кырсык айылдын Калматаев көчөсүндө болгон. Анда «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу оор жаракат алган. ӨКМдин куткаруучулары кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×