Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Кулжа району 28.02.2019 13:42 На русском

Кара-Кулжада 4 баш тоо текени аткан тургундар 220 миң сом айыпты төлөй элек (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунда кийиктерди мыйзамсыз аткан тургундарга салынган 220 миң сом айып 3 жылдан бери төлөнбөй жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин түштүк аймагы боюнча аңчы ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 20-августунда Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор аймагынын 3 тургуну Балык-Суу жайлоосунан 4 баш тоо текени мыйзамсыз атып, аларга 220 миң сом айып салынган.

«Алар кармалган учурда кийиктерди 2001-жылы жайлоодон атып алышканын, кийин атылган кийиктер менен сүрөткө түшүп, сүрөт интернетке тарап кеткендигин айтышып, түшүнүк кат жазышкан. Кийиктердин эти менен тамактанганын мойнуна алышып, протокол түзүлгөн. Бирок мамлекетке келтирилген 220 миң сомдук зыянды бүгүнкү күнгө чейин төлөп берише элек. Тактап айтканда, ар бир кийикке 55 миң сомдон төлөө буйругу аткарылбай жатат», - деди ал.

Төлөнбай Каримов белгилегендей, алар кийик аткандардын артынан түшүп, интернетке тараган сүрөтүнөн таап чыгышкан. Кара-Кулжа райондук прокуратурага, сотко бир канча жолу кайрылып, бирок алар чара көргөн эмес.

«Алар кийиктерди 2015-жылы эле атышкан. Ага карабай 2001-жылы атылды деп бизди алдап, доодон да баш тартууну көздөп жатышат. Бул жагдайда жогорку бийликтен чара көрүүнү суранабыз», - деди Каримов.

Буга чейин бул маалыматка Ош облустук соту түшүндүрмө берген болчу.

«Аталган доо арыз Кара-Кулжа райондук сотунун 2017-жылдын 29-майындагы аныктамасы менен кайтарылган. Себеби Жарандык-процессуалдык кодекстин 136-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пунктунун талабында доо арыз юридикалык жактын атынан берилген учурда ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюулса, сот арызды доогерге кайтарат деп көрсөтүлгөн.

Ал эми жоопкерлер А.К., А.К., Д.С.га карата болгон доо арыз Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетекчиси тарабынан эмес, аталган ишкананын башкы адиси А.Жунусов тарабынан берилген жана анын негизинде доогерге кайтарылган. Кара-Кулжа райондук сотунун аныктамасы Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн башкы адиси тарабынан аппеляциялык тартипте даттанылып, Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 29-августундагы аныктамасы менен ушул эле негиздер боюнча кайра доогерге кайтарылган.

Эске салсак, Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгү аталган иш боюнча доо арыз берүүгө ыйгарым укуктары бар кызмат адамы тарабынан доо арыз менен кайрылууга укуктуу», - деп айтылат Ош облустук сотунун маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×