Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 28.02.2019 18:36 На русском

Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине 70 жыл. Архивдеги сүрөттөр

Turmush -  Бүгүн, 28-февралда Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына жана ЮНЕСКОнун курамына киргенинин 10 жылдыгына арналып сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Мааракелерге карата жалпы 7 көргөзмө өткөрүү пландалганын музейдин директорунун орун басары Хайрулло Убайдуллаев билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмөгө музейдин казынасынан 80 даана сүрөт коюлду.

«Көргөзмөдө негизинен 1950-1980-жылдардагы Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана инфраструктуралык жактан өнүгүү этаптарын чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлдү. Сүрөттөрдө Сулайман-Тоонун ар тараптан көрүнүшү, тоого келген зыяратчылар, тарыхый эстеликтердин ошол убактагы абалдары чагылдырылган», - деди Убайдуллаев.

Мындай сүрөт көргөзмөлөр «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музейинде алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Эми ай сайын сүрөт көргөзмөлөр уюштурулуп, иш-чара сентябрь айында жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×