Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 01.03.2019 10:55

Ошто Мамлекеттик туу күнүн белгилешти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 1-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаттары, легендарлуу парламенттин депутаттары, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, студенттер катышты. Алгач мамлекеттик туу аскерлердин коштоосунда борбордук аянтка жеткирилди.

Ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары Байыш Юсупов мамлекеттик туунун тарыхына токтолуп, жалпы элди куттуктады.

«Мамлекеттик туубуз ар дайым желбиреп турсун, эч качан тепселбесин. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм», - деди Б.Юсупов.

Мамлекеттик туу кантип кабыл алынганын легендарлуу парламенттин депутаты Балтагул Нурумбетов айтып өттү.

«Тууну кабыл алып жатканда түсү жашыл, көк болсун дегендер болгон. Бирок Манас бабабыздан бери келе жаткан "көк асаба кызыл туу, көйгөйлөгөн ызы-чуу" дегендей, талкуулоодон кийин легендарлуу парламенттин депутаттарынын сунушу менен мамлекеттик туубуз кабыл алынган. Ар бир адам мамлекеттик туусу менен сыймыктанышы керек. Өлкөдө 100дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Көп элдин башын бириктирген туу болуп эсептелинет», - деди Б.Нурумбетов.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Айбек Жетимишов тууну коргоого чакырды.

«Ар бир кыргызстандык өзүнүн туусу менен сыймыктанат. Туубуз кыргыз элинин тарыхын, басып өткөн жолун, келечегин камтыйт деп ойлойм. Тууда түшүрүлгөн түндүктү 40 чоробуз коргоп турат, мен да кыргызстандыктарды мамлекеттик тууну коргоого чакырам», - деди Айбек Жетимишов.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу Жогорку Советтин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Эртеси, 4-мартта желек Өкмөт үйүнүн үстүнө салтанат менен орнотулган.

Авторлору: Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×