Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 12.03.2019 14:11

Ош шаарынын башкы символу — Сулайман-Тоонун бүгүнкүсү жана келечеги

Turmush -  Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тоосуна келген туристтердин саны жыл өткөн сайын көбөйгөнү менен экологиялык абалы жылдан жылга начарлап бара жатат. Сулайман-Тоонун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин тарыхый эстеликтерин коргоо бөлүмүнүн башчысы Шайыр Абжапарова ой бөлүштү.

Сулайман-Тоону укканда дароо Ош шаарын элестетишет. Көптөгөн кылымдардан бери Ош шаары менен Сулайман-Тоосу бири-бирин толуктап, бири-бирине эриш-аркак болуп келгени талашсыз. Байыркынын бешиги болгон Сулайман-Тоонун бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги кандай?

«Бүгүнкү күндө тоого адамдардын көп келүүсүнөнбү же тоодогу табиятта жашоого шарт жок болгондуктанбы, айтор жаныбарлардын түрү кескин азайды. Сулайман-Тоодо антропогендик таасир күчөп жатат. Чектелбеген рекреация, жай мезгилиндеги жыл сайын болуп жаткан өрт, жолдогу автотранспорт, тоонун капталындагы жасалма жол менен тигилген бак-дарактарды рационалсыз сугаруунун натыйжасында Сулайман-Тоонун экологиялык абалы начарлоодо. Ага кошумча Г.Айтиев көчөсүндөгү май куюучу станция, Ош торгомонтаж курулушу, тоонун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар жана башкалар Сулайман-Тоонун экологиялык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Тоонун чыгыш этегиндеги Кол өнөрчүлөр көчөсүндөгү көп жылдан бери жашаган жашоочулардын айрымдары өз алдынча тосмолорду, тандыр, тооккана жана устаканалдарды куруп алышкан. Ошондой эле тоонун түндүк тарабында айрым жерлерге көчөттөрдү отургузушкан. Эгер мындай курулуштардын алдын албасак тоонун кыртышы бузулат. Тарыхый мааниси бар арыкты баарыбыз билебиз. Бир замандарда бул арыктан бүтүндөй Ош эли суу ичишкен. Арык жөнүндө уламыштар бүгүнкү мезгилге чейин эл арасында айтылып келет. Бүгүнкү күндө арыктын үстүнө жергиликтүү эл өз алдынча курулуштарды куруп алышкан. Тарыхый-маданий мааниси бар арыктын жок болуп кетүүсү да абдан кейиштүү.

Жай мезгилинде тоодо күн абдан ысык болгондуктан эрте жазда чыккан чөптөр май-июнь айларында эле куурап калат. Ар кандай себептер менен тынымсыз өрт чыгып турат. Ошондо өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө такыр мүмкүн болбой калат. Ошондуктан ар кандай кырсыктардын алдын алуу үчүн жолдор ачык болушу керек. Жогорку температурада тоонун тегерегиндеги унаалардан чыккан түтүн, газдан улам биринчи кезекте Сулайман-Тоодогу жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жабыркайт», - деди Шайыр Абжапарова.

Анын айтымында, Сулайман-Тоонун айланасындагы жерлерди акырындык менен өздөштүрүүнүн натыйжасында анын ландшафты да өзгөргөн.

«Илгери бул жерде жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү азайып же болбосо такыр жок болуп кеткен. Мисалы, кыргоол, эчкемер, чүткөр, кашкулак жана башкалар. Сулайман-Тоодо ургалдуу физикалык, химиялык жана биологиялык талкалануу процесси пайда болуп турат. Кескин жогорку температуранын натыйжасында тоодо физикалык талкалануу жүрүп турат. Биологиялык талкалануунун (органикалык) натыйжасында өсүмдүктөрдүн, дарактардын жана бадалдардын тамырынан органикалык заттар бөлүнүп чыгат.

Ош шаарынын символу болгон Сулайман-Тоосунун бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн кайдыгер карабай, ар бир атуул андагы тарыхый жана жаратылыш эстеликтерин, флора-фаунасын сактоого милдетүүбүз», - дейт ал.

Ош шаарынын так ортосунан орун алган Сулайман-Тоосу жаратылыш эстелиги болуу менен бирге чыгыштан батышты карай созулуп, беш чокудан — Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар, чоң жана кичине үңкүрчөлөрдөн турат. Ар бир чокунун жана үңкүрлөрдүн өз алдынча тарыхы, маани-маңызы бар. Миңдеген жылдардан бери тоо алгач зороастризм динин туткандардын, кийин мусулмандардын зыярат кылуучу жайы болуп келгендиги тарыхтан маалым. Бүгүнкү күндө да Сулайман-Тоосу шаарга келген конокторду, чет элдик туристтерди панорамалык көрүнүшү, уникалдуу эстеликтери менен өзүнө тартып, жылдын төрт мезгилинде элдин аягы үзүлбөйт.

2009-жылы Сулайман-Тоосу ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине кирген Кыргызстандагы эң алгачкы объект катары катталган. Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн бир топ жылдык аракет жумшалып, Кыргызстандын окумуштуулары илимий жактан негизделген документтерди топтоп, бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине катталган. Бул тизмеге киргенден тартып Сулайман-Тоо мурда республикалык деңгээлдеги эстелик болсо, эми бүткүл дүйнөлүк маанидеги эстеликтердин катарына кошулду. Дүйнөнүн туш тарабынан окумуштууларды, туристтерди өзүнө тарта баштады жана жылдан жылга Сулайман-Тоого келген туристтердин саны өсүп жатат.

Биз тоого келген элдердин келип-кетүүсү боюнча мониторинг жүргүзгөндө төмөнкүдөй жыйынтык чыккан. 2011-жылы 60 миң 254 адам, 2012-жылы 91 миң 143 адам келсе, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 217 миңден ашуун адам келген. Коноктор кыргыз, орус жана англис тилдеринде тейленген.

Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоосун ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучунда турат деген сөздөрдү айрым массалык маалымат каражаттары айтып келүүдө. Ал сөздөр таптакыр чындыкка коошпойт. Анткени 2015-жылдын ноябрь айында ЮНЕСКОнун эксперттери жана коңшу өлкөлөрдөн атайын адистер келип, "Борбордук Азиядагы заманбап шаардык контекстте жайгашкан дүйнөлүк мурастардын менеджменти" аттуу семинар өткөрүшкөн. Аталган семинарда дүйнө мурастарындагы менеджмент, документация, консервация, мониторинг, келүүчүлөрдү тейлөө жана коомчулуктун катышуусу сыяктуу маселелер талкууланып, аны менен катар Сулайман-Тоодогу маселелер да каралган. Ошондой эле Сулайман-Тоонун тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштар, өрт коопсуздугу, тазалык жана башка маселелер да көтөрүлгөн. ЮНЕСКОнун эксперттери үч күн бою музей кызматкерлери менен тажрыйба алмашып, Сулайман-Тоонун корук аймактары менен толук таанышып чыгып, оң бааларын берип кайтышкан. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө ЮНЕСКОнун тизмесинде 1 миң 31 объект болсо, алардын ичинен 48 объект тизмеден чыгуу коркунучунда турат экен. Алардын арасында азырынча Сулайман-Тоосу жок.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдагы №520 буйругунун негизинде Сулайман-Тоонун аймагында жүрүп жаткан мыйзамсыз курулуш жана чарба иштерин комплекстүү изилдөө, анализдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, иликтөө иштери бир айга созулган. Жыйынтыгында тоонун айланасында жашаган жергиликтүү эл түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз куруп алган курулуштарын, тосмолорун өз ыктыяры менен бузушкан. Бүгүнкү күндө да тоонун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз улантылып келет», - деди ал.

Ал эми «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору Султан Абдыракманов ТҮРКСОЙ эл аралык маданий биримдигинин башкы катчысы Дүйсөн Касеинов музей комплекс менен таанышып чыкканын билдирди.

«Түрк тилдүү элдердин маданий борбору катары быйыл ааламга дагы бир ирет аты даңаза болчу ордолуу Ошко алгачкы жолу келген баш катчы Дүйсөн Касеиновду, уюмдун Кыргызстандагы өкүлү, Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий ыйгарым укуктуу өкүлү Кожогелди Култегин, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Сулайман-Тоосуна зыярат кылып кетишти. "Сулайман Тоону" оңдоп-түзөө, дүйнөлүк деңгээлдеги таберик жайлардын катарына кошуу боюнча жасалып жаткан аракеттерден жыйынтык чыгат деген тилегибиз бар», - деди С.Абдыракманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×