Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАраван району 02.03.2019 14:46

Ош облусунун аймагындагы рейд: Араванда 3 жерге жол чырак орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун аймагында «Абайла балдар» аталыштагы рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган рейд кечээ, 1-март күнү Араван районунун аймагында уюштурулуп, Ош—Араван, Араван—Төбө-Коргон жана Араван—Чек-Абад унаа жолдорунун боюнда жайгашкан орто мектептердин алдына жана жарандар көп топтолгон жайларга, тактап айтканда 3 жерге жол чырактар орнотулду. Араван РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мектеп окуучуларына, өзгөчө башталгыч класстын окуучуларына чоң жолдун боюнда жайгашкан жол чырактардан кантип өтүү керектигин үйрөтүшүүдө.

Иш-чарага айыл башчылар, ата-энелер жана жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү, мектеп окуучулары, мугалимдер катышышты. Катышуучуларга жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү жол эрежелерин сактоо багытында эскертме баракчаларды таратышты.

Мындай иш-чаралар Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Алай, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунун аймагында да өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×