Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуАраван району 04.03.2019 09:08 На русском

Араванда бир күндө 11 чөө жок кылынды (видео)

Turmush -  Араван районунда бир күндө 11 чөө атылды. Жырткычтарды жок кылуу атайын рейддин алкагында жүргүзүлгөнүн Ош-Баткен аңчылар коомунун коомдук инспектору Улукбек Сейдалиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп барган.

«Жырткычтар акыркы убакта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга зыянын тийгизип жаткандыктан рейд уюштурулган. Рейдге 20дан ашык мергенчи катышып, 2-март күнү Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында жалпы 11 чөө атылды», - деди Улукбек Сейдалиев.

Мындай рейд башка райондордо да уюштурулат.

Жырткычтар өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө» токтому боюнча калктын саламаттыгын сактоо, адамдын өмүрү үчүн коркунучтарды четтетүү, айыл чарба жана башка үй жаныбарларын оорулардан сактоо, эл чарбасына, жаныбарлар дүйнөсүнө жана анын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүүгө бөгөт коюу, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин арасында экологиялык тең салмактуулукка жетишүү, ошондой эле карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иштерди активдештирүү максатында атылат.

Карышкырларды жана чөөлөрдү атып алгандыгы үчүн (бир башка эсептегенде) төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү сый акы белгиленсин: карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн — 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн (учурдагы жылдын 1-октябрына чейин атып алынган бөлтүрүк) — 1500 сом, чөө үчүн — 2000 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×