Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусуКара-Кулжа району 04.03.2019 10:21 На русском

Тойдогу чыр: Айнура мурунку күйөөсүнүн аялынын бетин тытып алган

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа райондук соту мурунку күйөөсүнүн аялынын денесине жаракат келтирген Айнура (аты өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу буга чейин соттолгон эмес, орто билимдүү, учурда эч жерде иштебейт. Ал үй-бүлөөлүү, 1 баланын апасы. Айнура Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин (бейбаштык) 1-бөлүмү боюнча айып тагылган.

Ал Кара-Кулжа айылында жайгашкан ресторанда мурдагы жолдошу Айбектин (аты өзгөртүлдү) жубайы Айзаданы (аты өзгөртүлдү) тойдо отурган жеринде эч себепсиз бети-башына уруп, денесине жаракат келтирген. Экспертизанын жыйынтыгы менен Айзада жеңил жаракат алганы аныкталган.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ресторанда ачуусу менен мурунку күйөөсүнүн аялын урганын, учурда жабырлануучу менен элдешкенин айтып, кылмыш ишти кыскартууну суранды.

Ал эми жабырлануучу Айзаданын айтымында, окуя болгон күнү жолдошу менен тойго барган.

«Тейлөөчү кыз бир келин ресторандын артында күтүп жатканын айтты. Ал жолдошумдун мурунку аялы экен. Бирок жолдошум мени сыртка чыгарбай койду, айыпталуучу артымдан келип сол бетимди тытып кетти. Ал экинчи жолу келип, бетимди тытканда бетим канап кетти. Бул окуяга ал жерде отургандардын баары күбө болду. Учурда экөөбүз элдештик, ага доом жок», - деп көрсөтмө берди жабырлануучу.

Сот отурумуна күбө катары чакырылган Майрам (аты өзгөртүлдү) окуя агасы келин алган күнү болгонун билдирип, айыпталуучу жабырлануучунун бетин тытып алганын айтты. Ал эми аталган тойдо тейлөөчү болуп иштеген кыз айыпталуучунун колу жабырлануучунун бетине тийип кеткенин айтып, көрсөтмө берди.

Айнуранын мурунку күйөөсү Айбектин айтымында, ошол күнү келинчеги менен тойго барган. Ал сыртка чыгып кеткен учурда мурунку жубайы келип аялынын бетин тытып алып, анын сол бети канап кеткен. Мындан тышкары аталган тойго барган башка адамдар да айыпталуучу жабырлануучунун бетин тытып алганын айтышты.

Тергөө органдары тарабынан айыпталуучу Айнуранын аракети Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин 1-бөлүмү менен квалификацияланып, айыбы угузулуп, айыптоо корутундусу түзүлүп, кылмыш иши Кара-Кулжа райондук сотуна берилген. Ал эми 2017-жылдын 24-январындагы №10 мыйзам менен 2019-жылдын 1-январында Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси колдонууга киргизилгенине байланыштуу 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш жосуну Жазык кодексинин 19-беренесине ылайык кылмыш деп таанылды. 266-беренеге киргизилген жана аталган берененин 1-бөлүмүнүн санкциясы Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүмүнүн санкциясына караганда күчөтүлгөн.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Жоруктар жөнүндө кодексти, Жазык-процесстик кодексти, Жазык-аткаруу кодексти, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы №10 мыйзамынын 7-беренесинин 26-27-бөлүмдөрү жана 8-беренесинин 13-бөлүмү жетекчиликке алынууга жатат.

Ага ылайык, тергөө органдары тарабынан айыпталуучунун аракети Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүмү туура квалификацияланган, анын квалификациялык белгилери: бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, ошого тете мүлктү жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу менен коштолгон, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин одоно бузган аракеттерди атайлап жасагандыгы болуп саналат.

Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмүндөгү талаптарына ылайык, чоң коркунуч келтирбеген же анчейин оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабыр тартуучу менен элдешсе жана келтирген зыянды төлөсө кылмыш-жаза жоопкерчиликтен бошотулат. Ал эми Айнуранын жасаган кылмышы Кылмыш-жаза кодексинин 10-беренесинде көрсөтүлгөн чоң коркунуч келтирбеген кылмыштардын тобуна кирет жана жабырлануучу менен элдешкен.

Жыйынтыгында сот айыпталуучу жабырлануучу менен элдешкенине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексиндеги 66-берененин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишти кыскартуу чечимин чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×