Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Кара-Суу 04.03.2019 11:46 На русском

Кара-Суудагы мугалимдер волейбол мелдешине түштү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу шаарында билим берүү мекемелеринин мугалимдери арасында Кара-Суу шаарынын кубогуна арналган волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, мелдешке 6 мектептен жана 3 бала бакчадан 9 команда катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында Кара-Суу шаарынын кубогуна Ленин атындагы орто мектептин командасы ээ болсо, 2-орунду З.Бабур атындагы орто мектептин командасы, 3-орунду Манас орто мектебинин мугалимдери алды.

Кыз-келиндер арасындагы мелдешти Кара-Суу шаардык мэриясы шаардык кеңеш менен биргеликте уюштурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×