Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусуКара-Суу району 04.03.2019 13:49 На русском

Видео: Кара-Сууда «БМВ» менен кагышкан «Дэу Тиконун» таш-талканы чыгып, жаш жигит каза болду

Turmush -  Ош—Кара-Суу унаа жолунун 11-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы жол кырсыктан жаш жигиттин өмүрү кыйылды. Окуя 2-мартта саат 02:15 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, аталган айылдын 1967-жылы туулган тургуну Т.Т «ДэуТико» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып Ош шаарынын 1971-жылы туулган тургуну С.Р.нын башкаруусундагы «БМВ» менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Дэу Тиконун» айдоочусу, жүргүнчүсү — Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Д.Р., 2004-жылы туулган Д.Ж. жана «БМВнын» айдоочусу — Ош шаарынын 1971-жылы туулган тургуну С.Р. Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда жабырлануучулардын абалы туруктуу оор. Ал эми «Дэу Тикодогу» жүргүнчү — 1996-жылы туулган Д.Р. өзүнө келбей каза болду.

Аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин күбөлөр «Репортер» басылмасына бул жол кырсыктын видеосун жөнөтүшкөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×