Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуКара-Кулжа району 04.03.2019 13:10

Кара-Кулжадагы унаа жолго түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды

Лавина накрыла легковой автомобиль в Чон-Аалйском районе. 5 февраля 2019 год
Лавина накрыла легковой автомобиль в Чон-Аалйском районе. 5 февраля 2019 год
// МЧС Кыргызстана

Turmush -  Кечээ, 3-март күнү саат 17:00 чамасында Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 75-86-чакырымдарынын аралыгында (Кара-Кулжа району, Көк-Көл тилкеси) түшкөн кар көчкү толук тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган тилкеде 3 жерде көлөмү болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылган. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор болгон жок. Кырсык болгон жерге №26 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган. Тартылган техникалардын жардамында саат 19:45де каттам толук ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×