Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 04.03.2019 13:58

Чоң-алайлык жаштар ак калпак жана тууну даңазалашты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 4-мартта Чоң-Алай районунда ак калпак жана жана мамлекеттик тууну даңазалаган жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Жүрүшкө жаштар, окуучулар, жалпы 200дөй адам катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө диний экстремизм жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча атайын адистер доклад жасашты.

Андан соң райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган калпак жана тууну даңазалаган концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×