Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 04.03.2019 16:03 На русском

800 килограммдык бука, асыл тукум жылкылар: Өзгөндөгү айыл чарба жармаңкесинен фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 4-мартта Өзгөн районунун борбордук аянтында айыл чарба жармаңкеси өтүп жатат. Жармаңкеге жергиликтүү фермердик чарбалардын өкүлдөрү, дыйкандар, багбандар катышууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн тургуну Нурбай Тайтокуров жармаңкеге салмагы 800 кг бука, уйларды алып келген.

«2,5 жаштагы 800 килограммдык Ала-Тоо букасын жана 3,5 жаштагы уйду алып келдим. Ал эми 1 жаштагы торпоктордун салмагы 250 килограммга жетет. Булар азыр багууда эмес. Эгер байлап баксак 1 тоннага чейин эт берет», - деди ал.

Ал эми Зейнеп Базарбаеванын Дон жылкылары жармаңкеге коюлду. Ошондой эле иш-чарага Казакстандан да ишкерлер келди.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Райымбек Мөнөкбаев жаз алды менен дыйкандар үчүн атайын жармаңке уюштурулганын билдирди.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Ала-Тоо уйлары сүт жана эт багытындагы уйлар болуп эсептелинет. Тоо, талаа шартына көнгөн сүттүү, эттүү уй алуу максатында жергиликтүү инектерди швиц жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып, Кыргызстан менен Казакстан асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларында чыгарылган. Порода 1950-жылы бекитилген. Өңү күрөң, денеси чымыр, башы чоң, кең көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, желини тегерек, эмчеги узун. Өркөчүнөн бийиктиги 129 см, дене узундугу 171 см, көкүрөк курчамы 197 см, бутунун жоондугу 20 см.

Инегинин салмагы 500-600 кг, букасыныкы 800-900 кг түзөт. Сүтүнүн майлуулугу 3,8-3,9 пайыз, айрымдарыныкы 5 пайыз болот. Негизинен Кыргызстанда жана Казакстанда багылат. Кыргызстанда уй асылдандыруу жана колдон уруктандыруу станцияларында аталган тукумдагы уйлардын букалары пайдаланылат.

Дон жылкылары Дон дарыясынын боюндагы талааларда илгертен эле асыралып келген. Кийинчерээк башка таза кандуу жылкылар менен аргындаштырылып, асылдандырылган. Асыл тукум айгырынын жалынга чейин бийиктиги 159 см, дене узундугу 160 см, көкүрөк курчамы 185 см, бутунун жоондугу 21 см. Өңү жээрде, айрымдары буурул. Колдон жем-чөптү көп талап кылбайт, үйүрдө багылат.

Климаттын катаал шартына чыдамдуу. Дон жылкысы ат спортунда пайдаланылат. Дон жылкысынын Зенит аттуу айгыры бир суткада 311,2 км аралыкты басып өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Негизинен Россиянын Ростов облусу менен Ставрополь аймагында багылат. Бул жылкылар Кыргызстандын № 54 Ысык-Көл жылкы заводунда жергиликтүү жылкыны асылдандырууда пайдаланылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×