Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуКара-Кулжа району 05.03.2019 15:43

Сүрөт: Кара-Кулжадагы 3 бала бакча оңдолду

Turmush -  Бүгүн, 5-март күнү Кара-Кулжа районунда оңдоодон өткөн 3 бала бакча пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Пиримберди Дыйканов, Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин жана бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү катышты.

Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөгү «Мээрим» бала бакчасын оңдоп-түзөөгө 1 млн 380 миң сом керектелген. Буга чейин бала бакчада 60 бала тарбияланып, 5 тарбиячы эмгектенсе, эми 120 бала тарбияланып, 10 тарбиячы иштеп баштады. Бул бала бакча орус тилдүү.

«Балдарым көп тилди үйрөнүшү үчүн ушул бала бакчага бердим. Баламда өзгөрүү бар, кызыгып жатат. Кийинчерээк кичүү улуумду да аталган бала бакчага берем», - деди жашоочулардын бири Барчынай Дүйшөбай кызы.

Ал эми Кара-Кочкор айыл өкмөтүндөгү Т.Айдаров атындагы бала бакча 1998-жылы курулган. Буга чейин 60 бала тарбияланса, оңдолгондон кийин 120 бала тарбияланып, 10 кызматкер иштеп жатат.

Кашка-Жол айыл өкмөтүндөгү «Жийде» бала бакчасы 2016-жылы ачылган. Бала бакчага 1 млн 700 миң сомго жылытуу системасы орнотулду. Анын ичинен 220 миң сом айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнсө, калган каражатты Япониянын элчилиги берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×