Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуАраван району 05.03.2019 16:27 На русском

«Дааратканага киргизбей коюшат»: Мамкаттоонун Аравандагы кызматкерлери милициянын имаратында иштейт (сүрөт)

Turmush -  Араван районунда салык төлөө жана паспорт алуу үчүн кезек күткөн адамдар көп болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу Надирбек Иманбеков билдирди.

Анын айтымында, кышында аталган мекеменин имаратына кирүүгө мүмкүн эмес.

«4-5 адам кирсе батпай калат. Элдин калганы суукта сыртта күтүүгө мажбур. Калкты тейлеген жердин шарттары талапка жооп бербейт», - деди Иманбеков.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын Араван райондук паспорттоштуруу жана калкты тейлөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Баражанова милициянын имаратында иштеп жатышканын айтат.

«Узуну 3,5 метр, туурасы 1,5 метрлик чакан бөлмөдө милиция кызматкерлерине көз каранды болуп, калкты тейлеп жатабыз. Элдин кезек күткөнү чын, бирок мындай абал түшкө чейин гана болот. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кат түрүндө кайрылганбыз. Бирок эч кандай жооп ала алган жокпуз. Милиция бөлүмүнүн имаратында көз каранды болуп иштейбиз, кээде дааратканага киргизбей койгон күндөр болот. Жергиликтүү бийлик тараптан колдоо болуп, калкты камсыздоо борбору ачылып, жарандык абалдын актыларын каттоо, салык кызматын, паспорттоштуруу жана калкты тейлөө бөлүмүн бир имаратка жайгаштырып беришсе элге ыңгайлуу болмок», - дейт Баражанова.

Учурда ЖААК бөлүмүндө 6 кызматкер иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×