Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАлай району 06.03.2019 09:55

Алайда окуучу кызды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл аймагында окуучу кызды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя 4-мартта саат 11:00 чамасында Алымбек датка көчөсүндө, тактап айтканда М.Адышев атындагы мектеп-гимназиянын жанында болгон.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну Н.С. «Опель Вектра» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, жөө жүргүнчү — 3-класстын окуучусу А.С.ны сүзүп кеткен. Анын кесепетинен окуучу кыз денесинен жаракат алып, Алай райондук ооруканасына жеткирилген.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Алай району боюнча координатору Гүлнара Алыкулова: «Жабырлануучу М.Адышев мектебинин 3-классынын окуучусу. Биз биринчи жардам көрсөттүк. Учурда ал ооруканада жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыздын баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган. Азыр рентгенге да тартылды, жыйынтыгы чыкканда толук аныктама берилет», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×