Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Суу району 06.03.2019 10:29

Ошто айнеги караңгылатылган унаалар айып короого киргизилип жатат (видео)

Turmush -  Кечээ, 5-мартта Ош облусунун аймактарында терезеси караңгылатылган унааларга рейд жүрүп, 11 айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

4-марттан тарта Ош облусунун аймагында республикалык деңгээлдеги «Караңгылатылган айнек» аталышындагы рейддик иш-чара жүрүп жатат. Бул иш-чара 12-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө алдыңкы айнектери караңгылатылган транспорт каражатын башкарган 11 айдоочуга Бузуулар кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде протокол түзүлүп, автоунаалар ЖКККБнын айып короосуна убактылуу киргизилди.

4-марттан баштап «КРнын жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулун төлөсө ал айып пулдун жалпы суммасынын 50 пайызын гана төлөгөнгө укугу бар. «Бакыт каттары» 4-марттан баштап жол эрежесин бузган айдоочуларга жөнөтүлө баштайт.

Бузуулар жөнүндө кодекстин 129-беренесинин (Уруксатсыз кайра жабдылган транспорт каражатын айдоо) 3-бөлүмү:

Айдоочунун маңдайкы же болбосо алдыңкы эшиктин каптал айнегинде күңүрттөө жабылган же аларда көшөгөлөр пайдаланылган же арткы каптал эшигинин айнегинде же болбосо арткы айнегинде күзгү сымал күңүрттөө жабылган транспорт каражатын айдоосу 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×