Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуКара-Суу району 06.03.2019 11:10 На русском

Кара-Суунун борбордук аянтында айыл чарба жармаңкеси өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-мартта Кара-Суу районунун борбордук аянтында айыл чарба жармаңкеси уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жармаңкеге облустун аймагындагы айыл чарба багытында иштеген 30дан ашык компания катышып жатат. Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Мамедовдун айтымында, жармаңкенин максаты – дыйкандарга жазгы талаа иштерине колдоо көрсөтүү менен алардын мүдөөсүн ишке ашыруу.

«Бүгүнкү өтүп жаткан иш-чара дыйкандардын жазгы талаа иштерине кол кабыш кылууну көздөйт. Жармаңкеге минералдык жер семирткичтер менен көчөттөр коюлган. Муну менен катар эле Ош облусунун аймагындагы айыл чарба багытында иштеген фирмалардын, компаниялардын, бак-дарактарды өстүргөн жеке ишкерлердин продукциялары да бар», - деди Мамедов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×