Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуНоокат району 06.03.2019 17:35

Чек арачылар Өзбекстанга өтүп кеткен 9 жылкыны ээсине кайтарып беришти (сүрөт)

Turmush -  Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча кызматкерлери Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 9 баш жылкыны ээсине кайтарып беришти. Жылкылар жайытта жүргөндө кошуна өлкөгө өтүп кеткен.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, февраль айынын аягында №2024 чек ара бөлүмүнө Ноокат районунун Кара-Таш айылынын тургуну 9 баш жылкысы жоголгону тууралуу арыз менен кайрылган. Анын арызында жылкылар 2018-жылдын ноябрь айынын аягында жоголгону көрсөтүлгөн. Тиешелүү органдарга арыз жазылып, бирок жылкылар Кыргызстандын аймагынан табылган эмес.

Арыздын негизинде Өзбекстандын Булакбаш аймагы боюнча чек арачылар менен жолугушуу уюштурулган. Жыйынтыгында 4-март күнү Ноокат районунун Кум-Бел аймагында өзбекстандык чек арачылар кармалган жылкыларды ээсине өткөрүп беришти.

Өзбекстандык чек арачылардын айтымында, ээси жок жылкылар 2018-жылдын ноябрь айында кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде, тактап айтканда Өзбекстандын аймагында табылган. Малдын ээси аныкталбагандыктан жылкылар «Мархамад» чек ара постуна жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×