Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуКара-Суу району 06.03.2019 19:00 На русском

Кара-Сууда ок атуучу курал алып жүргөн адам кармалды

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-мартта ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунун 1970-жылы туулган тургуну С.Ш. мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жеринен кармалды. Кароо жүргүзгөн учурда шектүүнүн жанынан номуру өчүрүлгөн 1 даана «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча ок кутусу менен табылып алынды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексиндеги 253-берененин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×