Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусу, Нарын 09.03.2019 14:45

Адистердин кеңеши: Айрым балдар эмне үчүн чоң салмакта төрөлүшөт?

Turmush -  Акыркы кезде балдар салмагы чоң болуп төрөлүп жатышат. Анын себептерин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын дарыгери Жылдыз Арзыгулова түшүндүрүп, болочок энелерге баланын дени сак төрөлүшү үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө өз кеңештерин сунуштады.

«Акыркы кезде наристелер өтө чоң салмакта төрөлүп жаткандыктан, энелер өздөрү кыйналып жатышат. Чоң салмактуу ымыркайларды төрөгөндө жатын айрылат (разрыв), баланын төрөлүшү дагы кыйын болуп, балдар ар кандай жаракаттарды алып жатышат. Ошондуктан болочок энелер өздөрү билип эле, төрөргө жакын жеңил тамактарды көбүрөөк, ал эми камыр тамактарды азыраак жесе, кооптуу жагдайлар болбойт», - деди дарыгер.

Кош бойлуу аял кантип туура тамактанышы керек? - деген суроого ал мындайча жооп берди.

«Буга чейин аз кандуулук менен ооругандар көп болчу. Кийинки убактарда ооругандардын саны азайгансып калды. Кош бойлуулар витаминге бай тамактарды жеп, жер-жемиштерге көбүрөөк басым жасашы кажет. Эт дагы жеш керек, болбосо каны азайып кетет. Аллергия кылбай турган азыктарды тандап, цитрус өсүмдүктөрүн азыраак жеп, организмдеги канттын өлчөмүн азайтыш керек. Эң негизгиси — баланы туура эмизүү зарыл. Баланы эмизүү ууз эмизүүдөн башталат.

Эне менен баланын бирге болуусу маанилүү. Бала канчалык көп эмчек сүтү менен багылса, ошончолук дени сак болот. Энелер туура тамактануудан тышкары жакшы эс алып, таза абада сейилдеп, стресс болбой, өз убагында укташы керек», - дейт дарыгер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×