Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуӨзгөн району 07.03.2019 17:41 На русском

Өзгөндүк тургун 2 жаштагы кызы эмдөөдөн кийин баспай калганын айтса, дарыгер наристенин дартын атады

Turmush -  Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кызыл-Чарба айылынын тургуну 2 жаштагы кызы эмдөөдөн өткөндөн кийин баспай калганын айтат. Ал эми ФАПтын башчысы кыз шал оорусунан жабыркай турганын билдирди.

Кыздын атасы Жуманалы Абылаевдин айтымында, 2017-жылдын март айында жубайы Элмира Жолдошбаева кызын дарыгерлердин чакыруусу менен ФАПка алып барган. Ал эмдөөдөн өткөндөн кийин буту баспай калган. Буга чейин жубайлар Ош шаарында жашап, кызынын иммунитети төмөн болгондуктан дарыгерлер эмдөөдөн баш тартып келишкен. Учурда баспай калган кыз 2 жаштан ашты.

«Буга ким жооп берет. Дарыгерлердин шалаакылыгынан кызым баспай калды. 2 кыз, 2 уулум бар. Азыр кызымды дарыгерлерге көрсөтүүгө акчам жок. Кызым баспай калганына 1 жыл болду. Аны ай сайын дарылатып, үмүтүбүздү үзбөй келебиз. Бул окуя боюнча эч кимге арызданган эмес элем. Кызыма ийне сайган аял камалышын да каалабайм. Бирок ал кылган ишин мойнуна албай жатат. Катасын мойнуна алып, бизге жардам берип койсо болмок. Азыр айлабыз кетип, милицияга кайрылдык. Бул ишти 2 айдан бери Өзгөн РИИБ карап жатат. Бирок маселе чечиле элек. Тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери карап, оң жыйынтык чыгарып берүүсүн суранам», - деди Жуманалы Абылаев.

Ал эми аталган ФАПтын жетекчиси Айсара Калдарбекова билдиргендей, Жуманалы Абылаевдин кызы 1,5 жашка чейин баскан эмес.

«Бул үй-бүлө Оштон келген. Биздин айылда каттоосу да жок эле. Кызды каттоого алып, кызамыкка каршы эмдегенбиз. Биз буйруктун негизинде гана иш алып барабыз. Ал кичинекей кезинде эле шал оорусуна чалдыккан. Бирок ата-энеси билбей, убагында эмдетпей келген. Атасы молдо болгондуктан балдарын эмдетүүдөн баш тартып келген экен. Эмдөөдөн кийин балада 3 күн ичинде реакция болот. Ал кыздын абалы жакшы болчу. Азыр бирөөлөрдөн арыз жазсаң акча берет деген сөздөрдү угуп алып, менден акча сурап жатат», - деди А.Калдарбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×