Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуКара-Кулжа району 07.03.2019 18:12

Кара-Кулжадагы айымдарга концерт тартуулашты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кара-Кулжа районунда да майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Р.Абдыкадыров атындагы райондук маданият үйүндө Чалма жана Кара-Кочкор айыл аймактарынын элдик таланттары тарабынан майрамдык концерт тартууланып, ага мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айымдарга куттуктоо айтылып, сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×