Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуӨзгөн району 07.03.2019 21:22 На русском

Айыл турмушу: Өзгөндүк Кожожаш Келдибаев короосуна спорт зал куруп, окуучуларды машыктырууда (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылынын 32 жаштагы тургуну Кожожаш Келдибаев короосуна спорт зал курду. Ал учурда 100дөн ашык баланы спорт менен машыктырып жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Кожожаш Келдибаев 9 жылдан бери машыктыруучу болуп, спортчуларды тарбиялап келет.

«2011-жылы Россиядан келсем мектептин стадионунда 5-6 бала машыгып жатыптыр. Үйүм мектептин жанында жайгашкандыктан баары көрүнүп турат. Аларга үйдүн жер төлөсүндөгү кумду тазалап, ал жерде машыгууну сунуштадым. Бир күнү үйгө барсам балдар кумду тазалап коюшуптур. Бирок бул ишти жеке кызыкчылыгым үчүн баштаган жокмун. Айылдагы балдар бекер жүрбөй, спорт менен машыксын деген ой менен жер төлөнү спорт залга айланттым. 8 жылдай машыктыруучу болуп, спортчулардын саны көбөйүп, батпай баштагандыктан өзүмдүн короомдун ичине спрот зал курууну чечтим. Өткөн жылы спортчулардын жардамы менен чакан имарат курганбыз. Учурда 100дөй бала машыгып жатат»,- деди ал.

Кожожаш мырза 5 мектептен келген окуучуларды машыктырууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×