Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАлай району 08.03.2019 11:55 На русском

Алайда 8-март майрамына карата айымдарга түрдүү номинациялар тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда 8-март майрамына карата айымдарга түрдүү номинациялар тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарада атайын концерт тартууланды. Район жетекчилиги айымдарды майрамы менен куттуктап, Саламат Аматовага, Нагима Арслановага жана Айниса Жээнбековаларга көп жылдык эмгектери үчүн «Алай районунун ардактуу атуулу» наамын, белектержи тапшырды. Мындан сырткары бир топ аялдарга «Ишкер айым», «Мээримдүү айым» «Зирек айым», «Бактылуу айым», «Кесипкөй айым» «Мээримдүү айым» , «Демилгелүү айым», «Айкөл айым» «Иштерман айым» номинациялары тапшырылды. Кыргызстан аялдары конгрессинин төш белгилери, акимчиликтин ардак грамоталары ыйгарылды.

Айымдарга арналып сый тамак уюштурулду. Алыскы Ак-Босого айылынан келген 80 жаштагы Жусупова Акан апа ооз комузда күү чертип, акимдин сыйлыгына татыктуу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×