Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАраван району 11.03.2019 10:36

Гүлбаар айылынын эли Ноорузга чейин суусуз калды

Turmush -  Жыл сайын Араван районуна караштуу Гүлбаар айылынын тургундары жазгы талаа иштеринин алдында 1 айга чукул убакыт таза суусуз калышат. Бул Араван районунун каналын жана Араван-Сай дарыясын тазалоо иштерине байланыштуу экенин айыл өкмөттүн башчысы Сүйүн Гүлжигитов билдирди.

Анын айтымында, аталган айылда 1 600 түтүн бар. Тазалоо-оңдоо иштери 1 айга созулгандыктан айыл эли Ош шаарынан жана жакынкы айылдардан суу ташып ичүүгө аргасыз болушат.

«Биздин айыл өкмөттү Араван-Сай дарыясы жана Араван каналы суу менен камсыздайт. Жыл сайын жазгы талаа иштеринин алдында аларды тазалоо иштери жүргүзүлөт. Учурда Гүлбаар айылы толугу менен суусуз калды. Канал 20 күндө тазаланып бүтөт деп күтүлүүдө. Тазалоо иштерин Ош облустук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүп жатышат. Чарба иштерине пайдалануу үчүн айылдардын ичиндеги 50дөн ашуун жерден убактылуу суу казылып чыгарылган.

Ал эми таза сууну Маңгыт айыл өкмөтүнөн жана Ош шаарынан унаа жалдап ташып келип жатышат. Айыл өкмөтү социалдык объектилерди гана таза суу менен камсыздайт. Буга чейин тургундар "сууну сатып алып жатабыз" деп айтып жүрүшкөн. Суу сатылбайт, болгону суу алып келген унаанын чыгымын төлөп беришет. Ошондо 1 фляга суу үчүн 10 сом төлөнүшү мүмкүн», - деди С.Гүлжигитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×