Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Талас облусуКара-Буура району 11.03.2019 14:42 Жаңыланды: 24.04.2019 19:19

Жеңеке: Кара-бууралык Элнура жеңе тамак жасаганды 10 жыл тоодо жашап жүрүп үйрөнүп келген (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылындагы 42 жаштагы Усубалиева Элнура жеңе келин болуп келгенден кийин жолдошу экөө 10 жыл тоодо мал чарба менен алектенишкен. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Түгөлбай Рыскулбеков экөө 1994-жылы баш кошкон.

«Жолдошум экөөбүз тең Бакыян айылынан болобуз. Ал менден 3 жашка улуу. Бир мектепте окуганыбыз менен мен аны мектептен көп деле көрчү эмесмин. Көчөдөн ат минип көп өтчү. Сыртынан эле таанычумун. Ары-бери өтүп жүрүп мени жактырып калыптыр. Сыртымдан байкап, көз салып жүрчү экен. Ошентип 19 жашымда — 1994-жылы 27-ноябрда бир үйдүн үчүнчү келини болуп келдим. Келин болуп баргандан кийин 20 күн дегенде төркүлөтүп барышты. Жолдошум чабан болгондуктан 22 күн дегенде экөөбүздү кыштоого бөлүштү. Жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо чабан болуп 10 жылдай жүрдүк. 2000-жылдары айылга түшүп келгенбиз. Тоодо жүргөндө мен ийик ийрип, жүн тытып, токуучулукту үйрөндүм.

Бир үйдүн эрке кызы болуп чоңойдум. Үй жумуштарын кылганды билчү эмесмин. Келин болуп келгенде жумуштардын баарын кайын сиңдилерим жасады. Мен өзүбүздүн бөлмөбүздөн чыкчу эмесмин. Кайын энем эртең менен эрте туруп, бозо сүзчү. Бир чоң чыныга бозо куюп, шекер салып келип, «ичип ал» деп берип кетчү. Жакшы, түшүнүктүү адамдардын үй-бүлөсүнө туш болдум. Жумуш кылып деле кыйналган жокмун. Бирок бөлөк үйдө жумуш кылуудан корктум. Мен ал үйгө көнгөнчө тоого чыгып кеттик. Ошол жактан кенен-кесир тамак жасаганды үйрөндүм. Ал жактан тамак жасаганды үйрөнүп, айылга келгенде үйдөгүлөргө жасап берчүмүн (күлүп). Алар тамшанып жеп, мактап калышчу.

Өзүм 2003-жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Кол өнөрчүлүккө 3-классымдан баштап аралаша баштагам. Өзүмдүн апам дагы иштүү айым. Бул жактан кайын энем менен кайын эжем дагы иштүүлөр экен. 3 адамдын өнөрүн үйрөнүп, азыркы учурда токуучулук менен алектенем. 300 сомдон 500 сомго чейинки баш кийимдерди токуп сатам», - деди ал.

Элнура жеңе 1 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×