Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Суу району 11.03.2019 11:32

Кара-Суунун Кызыл-Кошчу айылындагы үй толугу менен өрттөнүп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Кулбаев көчөсүндөгү үйдө болгон. Анын кесепетинен аянты 110 чарчы метр, жыгач устундуу шифер жабылган үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн чыгышынын себеби такталууда.

Мындан тышкары Өзгөн районунун Чаңгет айылындагы 2 кабаттуу сарай өрттөндү. Анын кесепетинен сарай менен кошо 700 түк чөп толугу менен күйүп кетти. Кырсык отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан улам келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×