Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Кара-Суу 11.03.2019 14:24

Кара-Сууда 1 миңдей адам шаардын көрүстөнүн тазалашты

Turmush -  Бүгүн, 11-март күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарында миңге чукул адам борбордук көрүстөндү тазалашты. Бул тууралуу Кара-Суу шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордук көрүстөндү тазалоо иштерине миңге чукул адам чогулуп, алар менен бирге Кара-Суу шаарынын мэри Кутали Козубаев жана Кара-Суу шаардык кеңештин төрагасы дагы чыккан.

Тазалоо иштеринин максаты — шаардын тазалыгын сактоо менен бирге айлана-чөйрөнүн гигиеналык абалын жакшыртуу болуп саналат. Иш-чара өлкө боюнча жарыяланган 3 айлык тазалоо иштеринин негизинде уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×