Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуӨзгөн району 11.03.2019 16:08

10 жылдан бери жер ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын кайгысы. Маселени ким чечет? (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районунда 10 жылдан бери кайрылман катары үй салууга жер тилкесин ала албай жаткан 30га чукул адам райондук администрациянын алдына чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чогулгандар кайрылман катары жалпысынан 78 түтүн жер тилкесин алууга муктаж экенин, бирок райондук администрациянын өкүлдөрү алардын маселесин 10 жылдан бери чечип бербей жатканын айтышууда. Райондун жетекчилиги менен жолугууга келгендер Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевдин жыйында экендигин уккан соң, жер берилет деген Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш жер тилкесине барышты. Кайрылмандар ал жердин картасын көрсөтүшүп, үлүш жер катары 50 гектар жер бөлүнгөнүн жана ушул жерден аларга дагы жер берилмек экендигин айтышты.

«Биз ата журтубуз деп кайтып келдик. Бирок 10 жылдан бери жер ала албай жүрөбүз. Кайрылмандар ар кайсы жактарга чачырап, иштеп кетишкен. Эгер бизге жер берилсе, кайра биригип жашап калмакпыз», - деди жер ала албай жаткан кайрылмандардын эң улуусу — 61 жаштагы Садык Исаков.

Чогулгандар өткөн жылы жер көчкүдөн улам Аю-Сайдан көчүрүлгөндөр үчүн салынган жаңы мектептин имаратына дагы барышты. Алар имарат кайрылмандар үчүн жер берилет деген жерге жакын болгондуктан, балдары келе жаткан жаңы окуу жылында ушул мектепте окуп, өздөрү Көк-Таш тилкесине үй куруу ниеттери бар экендигин кошумчалашты. Жер тилкесине жетпей жүргөн Бактыгүл Тажибаева алардын маселесин президент чечип берет деген үмүттө.

«Биз Өзбекстандан келип жер ала албай жүргөн кайрылмандарбыз. Бизге өкмөт көңүл буруп, жер берип койсо үй-жайлуу болуп калат элек. Президентибиз көңүл бурат деген ойдомун» , - дейт ал.

Бирок райондун акими бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиш керектигин айтып жатат. Анын айтымында, жер алабыз деген кайрылмандардын саны башында 50 болсо, азыр 78 болуп көбөйүп кеткен. Ал Өзгөн районунун элине жер жетпей жаткандыгын жана башка райондун тургундарына жер бөлүп бере албай тургандыгын айтты. Кайрылмандардын маселесин Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттары чече тургандыгын кошумчалады.

2010-жылы Өзбекстандан көчүп келген кайрылмандардын айрымдары жер ала албай жаткандыктан кайра Өзбекстанга кайтууга мажбур болушкан. Учурда жер ала албай жаткан 78 түтүндүн көпчүлүгү Өзгөн районунда батирде жашашат. Алардын басымдуу бөлүгү кара жумуштарда иштешет. Буга чейин кайрылмандар каза болгондорду көмүүгө дагы жер жок болуп жатканын айтып чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×