Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуӨзгөн району 11.03.2019 18:38 На русском

Өзгөндө эмдөөдөн кийин кызы баспай калганын айткан эненин арызы боюнча комиссия түзүлдү

Turmush -  Өзгөн районунда эмдөөдөн өткөндөн кийин 2 жаштагы кызы баспай калганын айткан эненин арызы боюнча комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-январында наристенин апасы Элмира Жолдошбаева Кызыл-Чарба айылындагы ФАПтын жетекчисинин үстүнөн Өзгөн РИИБге арыз жазган. Арыз Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренеси (медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) боюнча катталды.

Учурда соттук-медициналык комиссия бул окуя боюнча иштеп жатат. Жыйынтык чыккандан кийин ФАПтын жетекчисине чара көрүлүшү мүмкүн.

Буга чейин Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кызыл-Чарба айылынын тургуну 2 жаштагы кызы эмдөөдөн өткөндөн кийин баспай калганын айтса, ал эми ФАПтын башчысы кыз шал оорусунан жабыркай турганын билдирген болчу.

Кыздын атасы Жуманалы Абылаевдин айтымында, 2017-жылдын март айында жубайы Элмира Жолдошбаева кызын дарыгерлердин чакыруусу менен ФАПка алып барган. Ал эмдөөдөн өткөндөн кийин буту баспай калган. Буга чейин жубайлар Ош шаарында жашап, кызынын иммунитети төмөн болгондуктан дарыгерлер эмдөөдөн баш тартып келишкен.

Ал эми аталган ФАПтын жетекчиси Айсара Калдарбекова билдиргендей, Жуманалы Абылаевдин кызы 1,5 жашка чейин баскан эмес.

«Бул үй-бүлө Оштон келген. Биздин айылда каттоосу да жок эле. Кызды каттоого алып, кызамыкка каршы эмдегенбиз. Биз буйруктун негизинде гана иш алып барабыз. Ал кичинекей кезинде эле шал оорусуна чалдыккан. Бирок ата-энеси билбей, убагында эмдетпей келген. Атасы молдо болгондуктан балдарын эмдетүүдөн баш тартып келген экен. Эмдөөдөн кийин балада 3 күн ичинде реакция болот. Ал кыздын абалы жакшы болчу. Азыр бирөөлөрдөн арыз жазсаң акча берет деген сөздөрдү угуп алып, менден акча сурап жатат», - деген А.Калдарбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×