Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАраван району 12.03.2019 12:47

Аравандык Нургазы Кенжебаев 11 жылдан бери дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Жеке-Мисте айылынын 1981-жылы туулган тургуну Кенжебаев Нургазы Маматжадилович изделип жатат. Ал 11 жылдан бери дайынсыз экенин эжеси Саламат Кенжебаева билдирди.

Анын айтымында, иниси 2007-жылы март айында Москва шаарына иштегени кетип, август айына чейин байланышта болушкан.

«Аны 2008-жылы айылдаштары Кремлден көрүшкөн экен. Учурда иним дайынсыз, ал тууралуу такыр маалымат жок. Кыргызстанда 4 баласы жана жубайы бар», - деди ал.

Нургазы Кенжебаев тууралуу маалымат билгендер 772 642072, 773 537078 же 776 591546 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

index

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×