Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАраван району 12.03.2019 14:25 Жаңыланды: 12.03.2019 16:44

Мекендештер: Италияда ашпозчу болуп иштеген Г.Абдукадиров 2,2 миң евро эмгек акы алат (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Төбө-Коргон айылынын 21 жаштагы тургуну Голибжан Абдукадиров учурда Италиянын Жильо (италия тилинде Isola del Giglio) аралында пицца жасап эмгектенип жатат. Анын атасы аталган аралда 10 жылдан бери иштейт. Атасынын чакыруусу менен барган Голибжан башында официант болуп иштесе, кийин пицца жасаган ашпозчуга чейин көтөрүлгөн.

Өзүнүн айтымында, Италияга барганына 5 жыл болду.

«Атамдын сүрөттөрүнөн шаарлардын кооз жерлерин көрүп турчумун, бирок өз көзүң менен көргөн башкача экен. Айылдагы чаң көчөлөрдүн, жапыз тамдардын арасынан келип, жалтыраган шаарга көнүп кетүү кыйынчылыктарды жаратты. Айрыкча тил үйрөнүүдө кыйналып кеттим. Атам китептерди сатып берген, бирок бирин дагы окуган эмесмин. Китептен үйрөнгөндөн көрө, практика жүзүндө үйрөнүш керек. Жаңы келгенде атам футбол ойногону алып барган. Ал жерде мени менен тең балдар бар болчу. Атам ошолорго мени дайындап, кетип калды. Балдар чакырып, англисче, испанча, французча сүйлөп көрүштү, мен күлүп тура бердим. Аларга кыргызча, өзбекче сүйлөп койдум. Бири-бирибиз менен жаңсоо аркылуу сүйлөшкөнбүз», - дейт Голибжан.

Ал орто мектепти 9-класска чейин эле окуган. Италиядан Кыргызстанга келгенде пицца жасоочу жай ачууну пландап жатканын айтты.

«3 жылдан бери бир ресторанда туруктуу иштеп жатам. Айлык акысы орто эсеп менен 1200-2200 еврого чейин. 1 жумада 2 күн эс алуу үчүн берилет. Ал күндөрү шаардын кооз жерлерине барып, эс алып келебиз. Бирок июль, июнь, август айлары туристтик сезон болгондуктан, ал айларда эс алуусуз иштейбиз. Жергиликтүү калк өтө жөнөкөй келет. Бир нерсе үйрөткөндөн качышпайт. Дайыма жылмайып, жашоолоруна ыраазы болуп жүрүшөт. Кыргызстанга бир ирет келгенде адамдардын кабагы ачылбай, бири-бирине ачууланып жүргөнү кадимкидей билинип калды», - дейт жаш ашпозчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×