Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуӨзгөн району 12.03.2019 18:59

Куршабда сибирь жарасынын чордону делген жерге мал базар курулуп, тамактануучу жай ачылганбы? (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы мал илдеттерин аныктоочу ветеринардык бактериялык лабораториясы 1983-жылы сибирь жарасынын чордону деп табылган. Бирок учурда ал жерге Токтали Мирзалиев деген жеке ишкер мал базар ачкан. Сибирь жарасы табылган жерде тамак-аш дагы жасалып сатылууда. Бул тууралуу 1993-жылдары Өзгөн районунун ветеринардык бактериялык лабораториянын башчысы болгон Шарабидин Бегматов билдирди.

Анын айтымында, аталган жерде оорулуу малдар союлган. Ал 1983-жылы ветеринардык бактериялык лабораториянын жетекчиси болгон Алиев деген киши союлган малдарды Өзгөндөгү Шералы айылына унаа менен алып барып, өрттөп салганын айтты.

«Бул жерде жаман илдетке чалдыккан миңдеген малдар союлган. Канчалаган малдарды дарылашкан. 1983-жылы бул жерден сибирь жарасы деген илдет аныкталып, жабылган болчу. Бул ылаң эң жаман оорулардын бири. Атом бомбасы менен бир катарда турат. Сибирь жарасы аныкталган жай убагында дезинфекция болгон эмес. Ошол учурдагы Абжали Алиев деген директор ал жерде болгон окуялардын баарын билет. Учурда Токтали Мирзалиев деген жеке ишкер ал жерге мал базар ачып алган жана тамак-аш жасалып, элдер тамактанып жатышат. Ошол жерге бир адам үй куруп алган, балдары ойноп жүрөт. Сибирь оорусунун чордону деп табылган жер кантип коомдук жайга айланат? Ал жерди чектөөгө алып, дезинфекция кылбаса болбойт. Мен бул маселе боюнча тиешелүү жерлерге, президент, премьер-министрлерге чейин кайрылгам. Турак жайлар алыс жайгашсын, бул жер пайдаланылбасын деген чечимдер чыккан. Базардын жанынан аккан суу чоң каналга келип кошулуп жатат. Ал сууну Куршаб айылынын тургундары пайдаланат», - деди Шарабидин Бегматов.

Мал базардын ээси Токтали Мирзалиев ооруп жаткандыгына байланыштуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын тууганы Тажидин Ахунов менен байланышты.

«Бул жерде сибирь жарасы табылган эмес. Бизде лабораториянын корутундулары бар. Шарабидин Бегматов мал базардын 5 жеринен топурак алып, лабораторияга жөнөткөн. Эч кандай илдет жок деген жыйынтык чыккан. Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Сүйүн Абдуллаев өзү келип, текшерип кеткен (Сүйүн Абдуллаев мурун Ош облусунун ветеринардык башкармалыгында эмгектенген. Ошол учурда текшерүү жүргүзгөн)», - деди Тажидин Ахунов.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Сүйүн Абдулдаев комиссия түзүлүп, аталган жердин топурагы текшерилгенин айтты.

«Мен ал кезде облустук ветеринария башкармалыгында иштечүмүн. Атайын комиссия менен сибирь жарасынын чордону делген жерден топурактарды алып, лабораторияга жөнөткөнбүз. Корутундусунда эч кандай сибирь жарасы жок деген жыйынтык чыккан», - деди ал.

Ош облустук жаныбарлардын ооруларын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Орозбек Ибраимовдун айтымында, мал базардан эч кандай сибирь жарасы табылган эмес.

«Ош облусу боюнча 164 сибирь жарасынын чордону табылган. Аталган жерлерден 1 жылда 2 жолу топурак алынып, курамы текшерилип турат. Сибирь жарасы 100 жылга чейин күчүн жоготпойт. Учурда бейөкмөт уюмдардын жардамы менен ар кайсы ооруларды түп-тамыры менен жок кылуучу жабдууларды алуу пландалган», - деди ал.

Сибирь жарасынын чордону табылса, эреже боюнча ал жер дезинфекцияланып, ооруга чалдыккан мал 3 метр тереңдикте өрттөлүп, үстү бетондолот. Сибирь жарасы бар деген атайын тактайча орнотулат.

Ал эми Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Ташиев бул маселе боюнча текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×