Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАлай району 12.03.2019 18:10 Жаңыланды: 12.03.2019 19:18 На русском

Алайда акча жасап, соода кылып жүргөн 3 жигит кармалды (сүрөт)

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жасалма акчаларды колдонуп жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-март күнү Алай РИИБдин кызматкерлери жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дүкөндөрүндө соода кылып жүрүшкөн Ош облусунун Ноокат районунун тургундарын кармашкан. Алар — 1997-жылы туулган Т. уулу Б., 1997-жылы туулган К. уулу М. жана 1996-жылы туулган З. уулу А. экени аныкталды.

Шектүүлөр Чий-Талаа айылынын 1979-жылы туулган тургуну К.К.нын дүкөнүнөн 2000 сомдук жасалма купюрага суусундук жана күн карама сатып алып, сатуучудан 1930 сом кайрып алышкан. Ушундай эле ыкма менен Алай районунун аймагында 5 дүкөндөн соода кылышкан. Жалпысынан 10 миң сомдук жасалма акчага соода кылып, аларды чыныгы акчага (соодагерлердин кайрып берген акчалары) айландырышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 225-беренесинин (акчаны же баалуу кагазды жасалма жол менен жасоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ал эми далил катары алынган 2000 сомдук купюрага тиешелүү экспертиза дайындалып, акча жасалма экендиги далилденген.

Ошондой эле жасалма акча шектүүлөрдүн биринин үйүндө жасалгандыгы аныкталды. Жасалма акча жасалган техника далил буюм катары кылмыш ишине тиркелген. Шектүүлөр Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешесин аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ош ОИИБдин тергөө кызматы башка аймактарда жасалма акча алып жабыркаган жарандарды аталган мекемеге кайрылууну суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×