Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Ош 12.03.2019 19:23 На русском

Ошто жер чыры боюнча кылмыш иш козголгон Папан айыл өкмөтүнүн башчысы облустук сотто акталды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 12-мартта Ош облустук соту Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаилов жана анын жооптуу катчысы Радахан Самиева боюнча Кара-Суу райондук сотунун чыгарган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Маалым болгондой, аларга жер сатып жиберген деген айып боюнча кылмыш иш козголуп, иш Кара-Суу райондук сотуна өткөн. Райондук сот айыл өкмөт башчыны актап, жооптуу катчысы Радахан Самиевага 100 миң сом айыл пул салган. Кийин арыздануучулар Ош облустук сотуна арызданып, иш облустук сотто каралган. Жыйынтыгында Ош облустук соту Кара-Суу райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Айыл өкмөт башчы Эрмат Исмаиловдун жактоочусу Муратали Ураимов сот адилет чечим чыгаргандыгын билдирди.

«Ош облустук соту Кара-Суу райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Сот процесси биз ойлогондой мыйзамдуу болду. Бул чечимге сотко катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү далил болду деп эсептейм. Мыйзамдуу, адилеттүү сот болду», - деди ал.

Эрмат Исмаилов соттук процесстер мыйзамдуу түрдө өткөнүн, анын күнөөсү жок экенин билдирди.

«Соттук процесстер мыйзамдуу өттү деп эсептейм. Анткени жерлер 2005-жылы трансформация болгон эле. Анда 5 гектар жер бөлүнгөн. Ал жер Ош шаарына жакын жайгашкан Учар айылында болчу. Анда биз 108 адамга жер бергенбиз. Бирок бизде жерге арыз жазгандардын саны 3 миңди түзөт. Менин үстүмдөн арызданып жүргөндөрдүн айткандары жалган. Эч кандай жерлер сатылган эмес. Биз ошол 3 миңдей арызды карап, 108 адамга гана жер бергенбиз. Сот отуруму жакшы болду. Соттор да мыйзамдын чегинде карап беришти. Биз муну менен Кыргызстанда мыйзам бар экенине ишендик», - деди Исмаилов.

Деген менен айыптаган тарап облустук сот туура эмес чечим чыгарганын айтышууда. Алардын жактоочусу Айсалкын Карабаева Жогорку сотко арызданарын билдирди.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаилов жана анын жооптуу катчысы Рада Самиевага байланышкан соттук иштер бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Буга чейин папандык арыздануучулардын жактоочусу Айсалкын Карабаева айыл өкмөт башчынын тарапташтарынан сабалгандыгын айтып, Ош шаардык ооруканасында дарыланып чыккан. Ал мурун Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн кескин сынга алып, туура эмес чечим чыгарганын айткан болчу.

Буга чейин 5-январда Кара-Суу райондук соту 25-декабрда Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жооптуу катчысынын иши боюнча актаган чечим чыгарган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×